super.kg logo

Орхан Инандыны табууга жардам бергендерге сыйлык берилет

 

"Сапат" лицейинин бүтүрүүчүлөрү, Орхан Инандынын үй-бүлөсү жана достору анын жүргөн жери жөнүндө так маалымат үчүн сыйлык төлөөгө даяр. Бул тууралуу аталган окуу борборунан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Сапат" окуу комплексинин директору Орхан Инанды боюнча кимде так маалымат болсо, бизге кабарлап коюусун өтүнөбүз. Маалымат менен камсыз кылгандарга Орхан Инандынын жакындары, туугандары, достору тарабынан сыйлык каралган", - дешти мекемеден.

Маалымат берүүчүнүн аты-жөнү жашырыла тургандыгына кепилдик берилет. Орхан Инанды тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо 0550049050, 0555155144 номерлерине байланышса болот.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.06.2021. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аны ким каяктан тапсын. Уурдаган адам барымтага алып отурат да күн көрсөтпөй. Подвалдын тээ түпкүрүндө. Тапкан менен деле колуңа 100 000 берип нараак ойно дебейби же болбосо пистолетти пешенесине такап кысс де пышш дебейби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: