super.kg logo

Борбордо Орхан Инандыны табуу талабы менен митинг эртең дагы уланат

 

"Сапат" лицейинин жетекчиси Орхан Инандынын табылышын талап кылган митинг эртең, 4-июнда дагы уланат.

Катышуучулар нааразычылык акциясын жыйынтыктоонун алдында "Орхан Инанды табылсын", "Кыргыз жараны табылсын", "бийлик иштесин" деп кыйкырышты.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

"Ал эч качан саясатка аралашкан эмес. Буга чейин коркутуулар деле болгон эмес. Азыр алдын ала жыйынтык чыгарууга эрте. Көптөгөн ар кандай варианттар айтылып жатат. Биз тергөөнүн жүрүшүнө байланыштуу азыр кандайдыр бир так маалымат бере албайбыз", - деп билдирген ал.

Октябрь райондук милициясынан ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө багыттамалар берилгенин, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

Белгилей кетсек, 1-июнь күнү дагы аталган билим берүү мекемесинин өкүлдөрү митингге чыгып, "Кыргыз өлкөсүндөгү Түркиянын элчиси чыгып, окуяга комментарий берсин" деген талап менен чыгышкан.

Кечээ, 2-июнда дагы Орхан Инандынын жоголуусунан улам экинчи митинг өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.06.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыларга ишинер жокпу башка уялсанар кичине митингди мода кылып алдынар го бироо чонураак чычып койсо дагы кылгыла митинг
03.06.2021. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр деген жок экенда кыргыз элинде.Президент баш болуп издеп жататго дагы эмне кылсын?Митинге каршы бир куч оцлоп табыш керек.Бир эле кунда 5 6 митинг болот кандай окунучтуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: