super.kg logo
  Саясат  

"Үй камагына чыгарылсын". Депутат Исаев акыркы учурда камакка алынган саясатчылар тууралуу пикирин айтты

 

Депутат Канат Исаев акыркы жолу камакка алынган саясатчылар тууралуу пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жакынкы күндөрү белгилүү саясатчылардын камалышына көңүлүңүздөрдү бурам. Козголгон кылмыш иштери тууралуу бизде маалыматтар жок. Үстүртөн такталбаган божомолдор эле. Кандай айып коюлду, кандай далилдер бар бизге белгисиз. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын төрагасы болгон. Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп иштеген. Төрөбай Зулпукаров вице-спикер болгон. Үчөө тең саясий салмакка ээ. Келечекте такталабы же жокпу белгисиз. Учурунда Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев эркинен ажырап абакта отурушту. Мыйзам жолунда чечим чыгып, алар акталды. Бир дагы тергөөчү, сот жоопко тартылган жок.

Жакында камакка алынгандардын күнөөлөрү болсо жоопкерчиликке тартылсын. Бирок азыр саясатчыларды үй камагына чыгаруу керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: