Эски аянтта айып пулдар боюнча митинг өтүүдө





Борбор калаадагы эски аянтта "Коопсуз шаардын" алкагындагы айып пулдар чоң суммада экенине нааразы болгондор митингге чыгышты.
Катышуучулар "Өкмөт, айып пулду азайткыла", "Коопсуз шаар коррупциянын чордону", "Вега уурдоодо, милиция коргоодо", "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
"Вега" компаниясы жол жээгине камераларды мыйзамсыз койгон. 2019-жылдан бери жол жээгинде турган камералардан келген айыптарды төлөбөй койсоңуздар болот. Себеби булардын бир дагы аракети мыйзамдуу эмес. Алар жол жээгинде турганы үчүн ижара төлөбөй, өз билемдик менен каалаган жерине коюп келишет. Базарда жол жээгинде турган сатуучуларды чыркыратып салып кетип жатат, а бирок чоң компанияларга келгенде эле эч кандай чара көрө албай калышат", - деди митингдин уюштуруучуларынын бири Улукбек Карыбек уулу айтты.


