Бишкекте +36. Эртеңкиге карата аба ырайы
Эртең, 4-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +32…+37;
Талас жергесинде түнкүсүн +15...+20, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+36 градус болот.


