super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри республикалык штабдын курамы өзгөргөнүн айтты

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев республикалык штабдын курамы өзгөргөнүн айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, республикалык штабды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жетектейт.

"Мен анын орун басары болуп дайындалдым. Министрдин орун басарлары жана тиешелүү мамлекеттик органдар штабдын курамына киришти", - деди ал.

Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине коронавирустук инфекцияга каршы вакцинаны сатып алуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: