super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте өлүп калды деп шекшиген селсаяк тирүү болуп чыкты

 
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери келип, текшерип көрдү эле, бул жаткан адам кыймылдап тирүү экени анык болду.

Бүгүн, 24-октябрда таңкы саат 08:45терде Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде отургучта тирүү же өлүк экени белгисиз жаткан убактылуу үй-жайы жок адамды кездештирдик. Замандын таасиринен кайдыгер болуп калганбы, айтор, бизге чейин нары-бери өтүп жаткан адамдар аны тиктеп гана тим боло өтүп жатканына күбө болуп, ичибиз бир эңшерилип алды. Анын тирүү же тирүү эместигинен эч ким кабар алып койбоду. Биз жакын барып, карап-байкап, үн чыгарсак жооп болбоду. Дем алганын да так ажырата албагандан соң анын тирүү экендигинен шекшип, "Тез жардам" кызматына чалдык. Бирок ал келгиче Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери келе калып, текшерип көрдү эле, тиги жаткан адам кыймылдап тирүү экени анык болду. Аталган башкармалыктын кызматкеринин айтымында, ал 23-24 жаштагы кыз экен. Ойгонгон кыз кепке-сөзгө келбей туруп кетип калды. Бир топтон кийин "Тез жардам" кызматы 09:37де "биз келдик" деп чалышты. Аларга абалды түшүндүрүп, "рахмат силерге, ден соолук сакчылары!" деп жолубузга түштүк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: