super.kg logo

Кумтөр: Руслан Казакбаев Канаданын тышкы иштер министри менен сүйлөштү. Эмне маселе талкууланды?

 

Бүгүн, 3-июнда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү канадалык тараптын демилгеси менен өткөнүн министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.

Талкуунун негизги темасы “Кумтөр” кенинин айланасындагы кырдаал болду.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз өлкөсү ар дайым ак ниеттүү чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу климат түзүүнү жактап келген жана мындан ары дагы ушул принциптерди сактоого ниеттенип жаткандыгы белгиленди. “Кумтөр” долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди", - деп жазылат билдирүүдө.

Министр Руслан Казакбаев Кыргыз өлкөсүнө ак ниет, ачык жана ийгиликтүү бизнес жүргүзүүнү көздөгөн, улуттук мыйзамдарды сыйлаган жана айлана-чөйрөгө аярлуу мамиле жасаган ак ниеттүү чет элдик инвесторлор чакырылат деп белгиледи.

Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги башка маселелерди дагы талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: