Токтогул суу сактагычында суу сутка ичинде 59 миллион метр кубга көбөйдү
Бүгүн, 3-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 331 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 331 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1 миң 72 метр куб, агып чыгышы 385 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 2-июнда суу сактагычта 10 миллиард 272 миллион метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.