Кыргыз өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Алмаз Рысмендиев каза болду
2-июнда 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер Рысмендиев Алмаз Асанович дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Алмаз Рысмендиев 1941-жылы 4-августта Фрунзе шаарында туулган. Фрунзедеги политехникалык институтту аяктагандан кийин 1964-жылдан 1978-жылга чейин комсомолдук багыттагы ар кандай кызматтарда: Кыргыз ЛКЖСнын Ленин райондук комитетинин инструктору, Кыргыз ЛКЖСнын Борбордук комитетинин инструктору, сектор башчысы, бөлүм башчынын орун басары, комсомолдун Фрунзе шаардык комитетинин биринчи секретары, БЛКЖСнын Борбордук комитетинин (Москва шаары) комсомолдук уюмдар бөлүмүнүн жооптуу уюштуруучусу, Кыргыз ЛКЖС БКнын биринчи секретары болуп иштеген.
КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясын бүткөндөн кийин 1980-жылдан 1992-жылга чейин Кыргызстан КП БКнын жеңил жана тамак-аш өнөр жайы бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин иш башкармасынын жеңил, жергиликтүү өнөр жай жана эл керектөөчү товарлар бөлүмүнүн башчысы, республиканын өкмөтүнүн аппаратынын бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
1994-1998-жылдары Рысмендиев Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекцияны (Кыргызстандарт) жетектеген. Соңку 18 жыл бою Кыргызстандарттын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдоо борборун башкарган.
А.А.Рысмендиев Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Советинин үч жолку – X, XI, XII чакырылыштарынын депутаты болгон.
"А.А.Рысмендиев БЛКЖСнын Борбордук комитетинин Ардак грамоталары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Кайратман эмгеги үчүн” медалы, Кыргызстандарттын “Стандартташтыруу жана метрологиядагы сиңирген эмгеги үчүн” төш белгиси менен сыйланган. 2002-жылы А.А.Рысмендиевге “Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер” ардак наамы ыйгарылган.
Рысмендиев Алмаз Асановичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат маалыматта.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Алмаз Рысмендиевдин каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


