"Коңшу тарап чалууларга жооп бербей жатат". Кыргыз-Тажик чек арасында абал кайрадан чыңалды
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында бүгүн, 4-июнь саат 06:00гө карата абал курч бойдон калууда.
"Тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшту. Саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти.
Кыргыз тарап кырдаалды эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышат. Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү", - дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Унчукпай унчукпай койсо бул лөлүлөр тийише баштады окшойт бир катылгандын катыгын берип койсок окшойт
Кудайым өзү сактасын, колдосун элимди жеримди, чек арада иштегендерди