Бүгүн айрым маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыгышты
Бишкекте жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштагандан бери үч күн өттү. Бүгүн, 4-июнга карата каттамга №131 жана №227 линиясындагы муниципалдык маршруттук такси чыкканын Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.
"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана меймандары, сиздерди бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жалпысынан 11 автобустук каттам тейлөөдө. Таңкы саат 05:30дан баштап түнкү саат 23:00гө чейин күчөтүлгөн абалда иштейт", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми шаардын көчөлөрүнөн айрым маршруттук таксилер иштеп баштаганын көрүүгө болот.
Эске салсак, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксинин айдоочулары жол кире тарифин жогорулатуу талабын коюп, каттамга чыкпай коюшкан. Учурда калаада троллейбус жана автобустар гана иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.