super.kg logo

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу: "Маршруттук таксилердин айдоочуларынан сентябрга чейин убакыт сурап жатабыз"

 

"Маршруттук таксилердин айдоочуларынан сентябрга чейин убакыт сурап жатабыз", - деп бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Ал каттамга чыкпай жаткан кичи автобустардын өкүлдөрү менен жолугушканын маалымдады. “Алар жол кире акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда. Биз алар менен сүйлөшүүгө аракет кылдык, бирок алар каттамга чыкпоону улантышууда. Анткени мэрия коомдук транспорттордун акысын көтөрүүгө укугу жок. Жол киренин көлөмүн аныктоо маселесин шаардык кеңеш карайт. Сентябрга чейин убакыт сурап жатабыз. Бирок алар тездетүүнү талап кылышууда. Башка унааларды да тартууну көздөгөнүбүз менен коопсуздук маселеси болууда”, - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: