Мусулмандардын дин башкармалыгында "Халал иштерин өнүктүрүү" бөлүмү ачылды
Мусулмандардын дин башкармалыгы өлкөдөгү халал индустриясын шариятка ылайык өнүктүрүү максатында “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмүн ачып, анын башчылыгына Бактияр Токтогазы уулу дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев кол койду.
"Мындан ары башкармалыктын “Халал иштерин өнүктүрүү” бөлүмү Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал индустриясы менен тыгыз кызматташып, халал иштерин шариятка ылайык өнүктүрүүдө мыйзамдын чегинде бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшамакчы", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.