super.kg logo

Коопсуздук кеңештин катчылыгында Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча кезектеги ыкчам кеңешме өттү

 

Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилери менен кезектеги ыкчам кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык зарыл болгон ыкчам тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да "102" кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ал арада 4 күндөн бери Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратынын, андан соң өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: