Чоң-Алай: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыңалуу Карамык айылына сезилген жок" дейт айыл өкмөт башчысы
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Чек ара кызматы билдиргендей, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагында бүгүн, 4-июнда саат 06:00гө карата абал курч бойдон калууда.
Аталган аймакка жакын жердеги Жекенди айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Жаныбек Кожобеков SUPER.KG порталына айыл ичинде абал тынч экенин билдирди.
"Унжу-Булак жайлоосу караган Карамык айылында абал туруктуу. Тажик тарап Унжу-Булак жайлоосу тарапка кирип келди деген сөз болуп жатат. Бирок жергиликтүү тургундарды ал жакка өткөрүшпөйт. Ошондуктан ал жакта эмне болуп жатканын билбейбиз", - деди ал.
Унжу-Булак жайлоосу Карамык айылынан 4 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган аймактагы жайлоолорго жергиликтүү тургундар ат менен чыгып келишкен.





1 |