"Бир дүйнө" укук коргоо борбору "Азимжан Аскаров көзү өткөндөн кийин акталышы керек" деп президентке кайрылды
"Урматтуу Садыр Жапаров, жакында 2010-жылдагы трагедиялуу Июнь окуяларына 11 жыл толот. Июнь трагедиясы тынч жарандардын өмүрлөрүн алды жана миңдеген адамдар тиричилик кылып жаткан каражаттарынан айрылып, тынч мезгилде өз үйлөрүн таштап, көчүп кетүүгө мажбур болушту. Бул жылдар аралыгында чыр-чатактардын курмандыктары адилеттикке жана акыйкаттыкка жетпей жашап келишүүдө. Биз сиздин 3-апрелдеги Июнь трагедиясынын материалдарын иликтеп чыгуунун маанилүүлүгү жөнүндө тапшырмаңыздын жыйынтыгын абдан толкундануу менен күтүп жатабыз.
Азимжан Аскаров менен биргеликте биз 47 сот процессинен өттүк. Азыркы убакта №19 түзөтүү колониясында оорудан жапа чеккен жана №47 түзөтүү колониясында каза болгон укук коргоочу, журналист, сүрөтчү Аскаровдун өлүмгө учуроо фактысы боюнча ЖАМК тергөөчүсү тарабынан тергөө иштери объективдүү териштирүүнү жүргүзүү мүмкүн болбогон жагдайда жүргүзүлүүдө. Буга кайталоочу көз карандысыз, комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартууну мисал катары белгилесек болот.
Азимжандын жубайы Хадича Аскарова анын балдары жана неберелери, укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата мыйзамдуулукту жана акыйкаттыкты калыбына келтирүү үчүн сиздин саясий эркиңизди чыдамсыздык менен күтүшүүдө.
Адам укуктары боюнча БУУ комитетинин түшүндүрмөлөрү орундалса, укук коргоочу көзү өткөндөн кийин акталат жана анын үй-бүлөсү компенсацияга ээ болушу керек. Ошондой эле укук коргоочунун укуктарын бузган бардык деңгээлдеги аткаминерлер сот алдында жоопкерчиликке тартылышат. Натыйжада, Кыргыз өлкөсү туруктуу өнүгүүнү максат кылган, ар бир адамдын укугун урматтаган, жалпы адамзаттык баалуулуктарды, гумандуулукту жана акыйкаттыкты сактаган өлкө катары БУУда, Евро Биримдикте көз карандысыз мамлекет макамында калат. Биз сизге ишенебиз жана сизден акыйкаттыкты күтөбүз", - деп жазылат "Бир дүйнө" укук коргоо борборунун кайрылуусунда.
Маалымат үчүн:
Ош окуясы боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда №47 түзөтүү абагынын ооруканасында көз жумган. Ал узак убакыт бою ооруп жүргөн жана андан пневмония оорусунун белгилери дагы аныкталганы маалымдалган.









1 |