"Эне тилде сүйлөп жатып адашып кетсек бир жөн эле". Депутат талкуу жараткан адашуусу тууралуу үн катты
Кечээ, 3-июнь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринен өлкөдө канча менчик лаборатория ПЦР-тест алып иш жүргүзүп жаткандыгы боюнча сурап жатып, чет тилде аталган лабораториянын атын атоодо адашып алган. Бул учур социалдык тармакта кызуу талкуу жараткан.
Кийинчерээк депутат пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Өзүбүздүн эне тилде сүйлөп жатып адашып кетсек бир жөн эле. Бул жерде бир чет тилиндеги сөздүн тамгасына эмес, сөздүн маанисине көңүл бурушуңуздарды суранат элем. Бүгүнкү күндө кыйналып турган элди кыйнап, 1 миң 700дөн баштап 2 миңге чейин ПЦР-тест тапшырып, сыртка чыгып же сырттан келип жаткан жарандарыбызга чоң көйгөй жаралгандыгы жөнүндө сөз болуп жатат. Кыргыз өлкөсүндө 6 миллион 300 миң жараныбыз болсо, ошонун 50 пайызы ПЦР анализин 2 миң сомдон тапшырса, канчалаган акчалар бир шылуундарга же болбосо жеке адамдардын чөнтөгүнө кетип жаткандыгы, ошолордун жоопкерчилиги, туура анализ чыгарып берип жатабы ушул боюнча сөз козгодум", - деп билдирген Бакиров.




1 |