Чек арадагы чыңалуу: Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жетти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жардамчысы билдирди.
Ташиев министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев менен биргеликте көрсөтүлгөн аймакка жөнөп кетишкен.
Айта кетсек, бүгүн, 4-июнда таңга маал Чек ара мамлекеттик кызматы Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасы тынч эмес экенин маалымдаган. Андагы Унжу-Булак жайлоосуна Тажик тарап контейнер орнотуп, аскерлери топтолуп жатканы белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
3

Тилинен чаңы чыккан Текебаев, Мадумаров,сүйлөгөндө КР тан үчүн жүрөгүн сууруп берүүгө даяр көрүнгөндөр кайда??Эмнеге көп сөзүндө бизге "чыныгы мырза"көрүнгөндөр кайда??