Чоң-Алайдагы аскер заставасынын кызматкери: "Абалды көзөмөлдөп тоодо жатабыз"
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 4-июнда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак аймагында бүгүн, абал курч бойдон калууда.
Чек ара аймагында жайгашкан "Карамык" заставасынын кызматкерлери учурда абал тынч экенин билдиришти.
"Бүгүн түндө тажик тарап контейнер коюп башташкан. Абалды көзөмөлдөп тоодо жатабыз. Эки тарап бири-бирин көзөмөлдөп турат. Ок атышуу болгон жок", - дешти заставадан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.