Коомдук ишмерлер, тарыхчылар... "Орхан Инанды табылсын" деген митингге дагы кимдер катышууда?




Бишкектеги эски аянтта "Орхан Инанды табылсын" деген талап менен төртүнчү жолу митинг өтүүдө.
Акцияга катышып жаткандардын арасында лицейдин мугалимдери, коомдук ишмерлер, тарыхчылар, билим берүү мекемесинин мурдагы бүтүрүүчүлөрү, окуучулардын ата-энелери катышууда.
"Орхан Инандынын бошотулушун талап кылып жатабыз. Анын бошотулушуна бийликтин күчү жетет, ошондуктан аларды табып берүүсүн талап кылабыз. Биз ата-энелер аны кыргыздын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон киши катары билебиз", - дейт теле алып баруучу Айдай Самиева.
Ошондой эле ата-энелердин атынан сүйлөгөн Абдималик Кудайбердиев технология өнүгүп турган учурда анын табылбай жатканы күмөн саноо жаратарын айтат.
"Менин балдарым дүйнөнүн төрт бурчунда эмгектенип жүрөт. Мунун баарына Орхан Инандынын салымы бар. Өтө жөнөкөй, адамкерчиликтүү болчу. Себеби менин балдарым, неберелеримдин баары ушул мекемеден билим алышты жана мен ага жолугуп калганда өтө сылык мамиле кылчу", - дейт Кудайбердиев.
Акциянын катышуучулары маал-маалы менен: "Орхан Инанды табылсын", "Кыргыз Республикасынын жараны табылсын", "Бийлик эффективдүү иштесин" деген чакырыктарды жасоодо.
Окуянын чоо-жайы:
1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.
Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.
Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.
Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.
Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.
2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Ал арада 3 күндөн бери Орхан Инандынын изделиши боюнча жарандар алгач Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинин имаратынын, андан соң өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүп, аны издөө иштерин тездетүүнү талап кылышууда.

