УКМК: "Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды"





Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки жаран Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип, товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн ири суммадагы 1 миллион 250 миң доллар өлчөмүндөгү казак жаранынын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"3-июнда тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин, эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
УКМК мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле алардын жакын туугандарынын аты-жөнүн жана аброюн кылмыштуу максаттарда колдонгон жарандарга карата чаралар көрүлөрүн эскертет.

