"Издөөгө үйрөтүлгөн иттер тартылып, дрондор колдонулууда". Милиция Орхан Инандыны издөө иштеринен сүрөттөрдү жарыялады








Дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү лицейинин негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орхан Инандынын жоголушу боюнча бардык мүмкүн болгон версиялар иштелип жатат.
"Милиция кызматкерлери Орхан Инандынын болушу мүмкүн делген бардык жерлерди текшерип жатышат. Өткөн суткада мейманкана, курулуп жаткан имараттардын аймактары, унаа токтотуучу жайлар, завод-факрикалардын аймактары, сейил бактар каралды. Издөө иштери шаарга кире бериштеги райондордо, каналдарда, эгин талааларында жана таштанды полигондорунда да жүрүп жатат. Мындан сырткары атайын үйрөтүлгөн иттер да издөөгө тартылып, дрондор колдонулууда.
Күбөлөрдү табууга багытталган иш-чаралар уланып, Орхан Инандынын жоголушу боюнча бардык мүмкүн болгон версиялар иштелип жатат", - деп жазылган маалыматта.
Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Арызда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.




1 |