super.kg logo

Президенттин басма сөз катчысы: "Кумтөр" боюнча камоолорду саясатка байланыштырган билдирүүлөр орунсуз"

 

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Кумтөр" иши боюнча айрым адамдардын кармалышына байланыштуу акыркы окуялар боюнча, анын ичинде депутаттардын билдирүүлөрүнө комментарий берди. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы болуш керек. Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе дагы, бүгүнкү күнгө чейин "Кумтөр" боюнча бир дагы терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда "Кумтөрдүн" айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам биздин көз карашыбызда мыйзам алдында барыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдир-бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт.

Ошондуктан "бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу" деген сыяктуу билдирүүлөр - орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек", - деди Эрбол Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: