Чоң-Алай: Чек ара тилкесине жакын жашаган жергиликтүү тургундар тынчсызданууда







Чек ара тилкесине жакын жашаган жергиликтүү тургундар тажик тараптын айылга жакындап жатканынан чочулап турушат. Бул тууралуу айыл эли SUPER.KG порталына билдирди.
Унжу-Булакка орнотулган контейнерлердин видеосун маалымат каражаттарынан көрүшкөн. Ал жакка баруу үчүн чек ара кызматкерлери уруксат берген жок.
"Азыр айыл эли бир аз дүрбөлөң болуп жатышат. Унжу-Булак жайлоосу Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашып, кайсы тарапта экени тактала элек. Бирок аталган аймакта жайгашкан жайыттарды илгертен эле кыргыздар колдонуп келген. Тажиктердин жакындап келип, контейнер орноткону бизди кооптондуруп жатат. Ошол жакка айыл эли мал-жандыктарын айдашат. Жакында эле жергиликтүү тургундардын жайлоо тарапка айдаган уйлары жоголуп кетти", - дешти алар.
Карамык айылынын дагы бир тургуну бул жылы Унжу-Булак аймагындагы жайлоолорго айыл тургундары бара албай калганын айтты.
"Жыл сайын үч үй-бүлө ошол жактагы Көлмө деген жайлоого чыкчубуз. Бул жылы бир аз кооптонуп бара алган жокпуз. Башка жактарга көчтүк", - деп билдирди ал.
Айыл эли Чоң-Алайга кетти делген Камчыбек Ташиевге жолугуп, чек арадагы кырдаал боюча сүйлөшүү үчүн чогулушканын кошумчалашты.
Буга чейин Карамык айылынын 71 жаштагы тургуну Шермамат Идирисов SUPER.KG порталына чек араны тактоо боюнча бир канча жолу жогорку жактарга кайрылышканын айткан.
"Тажик тарап акырындап жылып келе жаткан жерлерде биздин ата-бабалар кылымдар бою жашап, мал-жандыктарын кайтарып келген. Айтылып жаткан жерлерди кошуна Кичи-Карамык эли да кыргыз тарапка тиешелүү деп билишет. Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймактагы жер 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча жер алардын картасында экен деп айтылып жатпайбы. Аныгында бул бир мезгилде түшүнбөгөн, эл менен кеңешпеген бирөө менен чечилип калган бүтүм болушу мүмкүн.
Биздин айылдан Кичи-Карамыкка чейин 12 чакырым болсо, тажик тарап биздин айылга жакын 1 чакырым чекке кирип келишкен. Бизге азыр жердин бир гана тескей жагы калып жатат, малыбызды жайганга жер жок. Азыркы тапта Карамык айылында 700 кожолук эл жашайт.
Элдин малы көбөйүп жатат, бирок аларды жайган жайыт талаш. Илгертен эле биздин мал ошол талаш деген жайытта оттошот. Тажиктер ал жерге жетпейт, алар аталган аймакка келген да эмес жана аларга талаш деген жер тилкеси ыңгайсыз. Биз карта боюнча эл аралык уюмдарга кайрылып, бул боюнча тактоону талап кылып, эл аралык сотко кайрылуу керектигин ойлонуп жатабыз. Баткендеги чырдан кийин алар баш көтөрүп, кандай маселе чыгат деп эле чыр кылып жатышат", - деген ал.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагындагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды.
"Тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшту. Саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти", - деп билдиришти мекемеден.



1 |