Бишкек-Ош каттамы менен таксиде бара жаткан Кытай жараны каза болуп калды
Кытай жараны Бишкектен Ош шаарына бара жаткан жолдо каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июнга караган түнү саат 01:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынан Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында унаанын ичинде белгисиз жаран каза болгондугу туурасында билдирген.
"Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып маалыматты тактап, тиешелүү материалдарды чогулткан. Каза болгон жаран Кытайдын 1977-жылы туулган Л.Х. аттуу жараны экендиги белгилүү болгон. Учурда анын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, таксист Кытай жаранын Бишкектен Ош шаарына келгенде каза болуп калганын билген. Кайсы жолдо жана качан каза болгондугу тууралуу айдоочу билбейт, ал уктап жатат деп ойлогон. Учурда иликтөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти шаардык милициядан.

