super.kg logo

Жалал-Абадда май куюучу жайдан капчык таап алган жигит Ошко алып кеткен. Конокко бара жаткан туристтин окуясы

 

Жалал-Абад облусуна конок болуп барган Германиянын жараны май куюучу жайга ичинде акчасы бар капчыгын унутуп кеткен. Аны 17 жаштагы Баткендин тургуну таап алып, Ошко алып кеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-июнда Токтогул РИИБине Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:40 чамасында өзү менен бирге турист катары келген 1952-жылы туулган Германиянын жараны Токтогул шаарындагы май куюучу жайга токтогон кезде сумкасын ичиндеги акчалары менен унутуп кетип калгандыгын жазып, таап берүүнү суранган.

"Аталган туристтин сумкасында 800 доллар, 800 евро, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Анын банк карточкасында болжол менен 40 миң евро акчасы бардыгы белгиленген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган сумканы алган жаран аныкталган. Ал Баткен облусунун 2004-жылы туулган тургуну экендиги жана Ош шаарында жүргөнү белгилүү болуп, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, шектүү жолдо кетип бара жатып ээсиз калган буюмду таап алган. Сумкадагы акчаларды короткон эмес. Алынган сумка, акчалар толугу менен Германиянын жаранына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
04.06.2021. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы бизди уят кылбай, иштетип жиберептир, бут кыргызды жаман коруп кетишмек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: