super.kg logo

"Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир аптадан бери иштебей жатабы? Мекеменин жообу

 

Социалдык тармактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү бир жумадан бери иштебей жатат деген билдирүү тарады. Аталган кызматка маалыматты тактоо максатында байланышканыбызда, мекеме иштеп жатканын айтышты.

"Унаа" ишканасынын Аламүдүн райондук бөлүмү 28-майда иштеген эмес жана бүгүн, 4-июнда оңдоо иштерине байланыштуу иштеген жок. Бул тууралуу маалымат каражаттары аркылуу билдирүү таратканбыз", - дешти басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин Төмөнкү Ала-Арча айылында электр берүү линияларында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Төмөнкү Ала-Арча айылы Школьная, 7а дарегинде жайгашкан "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн райондук бөлүмү иштебей турганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: