Маршруттук ишкананын жетекчиси: "Ар бир маршруттук таксиге милиция кызматкеринин өкүлүн салып берсин"
Бүгүн, 4-июнда маршруттук таксилердин каттамда жок болуп жатканына 3 күн болду. Буга байланыштуу айрым маршруттук таксилердин айдоочулары жана ишкананын жетекчилери жолугуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Маршруттук таксинин биринин жетекчиси Чынара Эргешбаева өзүнүн айдоочулары менен жолугушуп азыркы шартта каттамга чыгышы керектигин айтканы менен, өздөрүн "демилгелүү топ" деп атагандар аларга тоскоол кылып жатканын айтты.
"Жол кире акысын көтөрүү боюнча өкмөт ар дайым убада кылып келген. Биз ошол себептен айдоочуларга убада кылчубуз. Ошондуктан бири-бирибизге ишенбөөчүлүк жаралып жатат. Мен ишканамда иштеген айдоочуларга кайрылып бул маселе шаардык кеңештин жаңы курамы келмейинче чечилбестигин айтып, пандемия шартында каттамга чыгып туруусун сурандым. Айдоочулар болсо маршруттук таксинин айдоочулары арасында бир вотсап группасы түзүлгөнүн айтышып, группадагы адамдардын айрымдары каттамга чыкса аларга карата кысымдар боло турганын билдиришти.
Биз азыр 10 сом болсо деле чыгып турганга даярбыз, бирок ар бир маршруттук таксиге коопсуздук үчүн бирден милиция кызматынын өкүлүн салып берсин", - деди Эргешбаева.







1 |