Өткүн өтөт. 5-июнга карата аба ырайы
Эртең, 5-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18 .. +23, күндүз +32 .. +37;
Таласта түнкүсүн +14 .. +19, күндүз +29 .. +34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18 .. +23, күндүз +33 .. +38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 .. +15, күндүз +23 .. +28;
Нарын облусунда түнкүсүн +8 .. +13, күндүз +23 .. +28.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20 .. 22, күндүз +34 .. +36 градус болот.

