"Такталбаган жерлерге барбай тургула". Камчыбек Ташиев чек арадагы жергиликтүү тургундар менен жолукту
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдын Карамык айылынын эли менен жолукту. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар менен билдирди.
“Унжу-Булак, бул жердеги 1100 гектар жер боюнча… Бул тактала элек, аныктала элек жер. Булар 1924-жылдагы, 1989-жылдагы карталар боюнча тийиштүү деп эсептешет. Бирок биз аны бүгүнкүгө чейин тактала элек жер экенин айтып, тааныбай келебиз. Такталган өзүбүздүн аймакка пост койгонбуз. Тигилердин постунан бери жагы тактала элек болуп жатат. Бирок булар акыркы маалда тактала элек жерлерге кирип, өздөштүргөнгө аракет кылып жатышат”, - деди ал.
Ошондой эле ал айыл элин кабатыр болбой, тынчтанууга, чек арадагы такталбаган жерлерге барбай турууга чакырды.
УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 4-июнда түнкү саат 03:00дө Тажикстан тарап Унжу-Булакта тактала элек жерге контейнер орното баштаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автоунаалар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган. Бир нече сааттан кийин алар орноткон контейнерин калтырып, кайра 600 метр ары кайтышкан. Саат 14:00гө карата абал туруктуу экени кабарланды.

