super.kg logo

Жаңы Конституция боюнча парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет

 

Жаңы Конституция боюнча парламенттик шайлоону дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору жакында парламенттин кароосуна киргизилет. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

3-июнда депутат Улукбек Ормонов өлкө парламентине депутаттарды шайлоонун датасын белгилөө маселесин көтөрдү. Депутат президент кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүн 1-июндан кечиктирбестен дайындашы керек болчу деген оюн айткан.

Буга байланыштуу “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдеринин иштөөсүн токтото туруу жөнүндө ”мыйзамга түшүндүрмө беришти.

"Аталган мыйзамдын айрым жоболорун токтото туруу жөнүндө мыйзамдын 1-беренеси менен өткөн шайлоо жараксыз деп табылган учурда кайрадан шайлоо өткөрүү маселесин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелерин колдонууну токтото туруу каралган.

Жогорудагы конституциялык мыйзамдын аталган беренелерин токтото туруу өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана ага байланыштуу экономикалык кырдаалды турукташтыруу, коомдун кеңири катмарынын пикирин эске алууга жана конституциялык реформа жүргүзүүгө байланыштуу шайлоо процессине калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган.

Ушул конституциялык мыйзамдын 2-беренесинде 2020-жылдын 4-октябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табууга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо же жаңы шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланат деп белгиленген.

2021-жылдын 11-апрелинде өткөн референдумда Жогорку Кеңешти түзүүнүн башка тартиби каралган жаңы Конституция (Президент тарабынан 2021-жылдын 5-майында кол коюлган) кабыл алынгандыгын, анда шайлоо жөнүндө тиешелүү мыйзам иштелип чыгып, кабыл алынышы керектигин, анын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү мүмкүндүгүн айта кетүүбүз керек.

Жаңы Конституциянын 76-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турарын (ал эми эски Конституция боюнча 120 депутат) белгилей кетүү зарыл. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий партиялардын тизмеси боюнча (55 мандат) жана бир мандаттуу округдардан (35 мандат) түзүлөт деп болжолдонууда. Эски Конституцияга жана учурдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү аракеттеги мыйзамга ылайык, 120 мандатка депутаттар саясий партиялардын тизмеси боюнча гана шайланат", - деп жазылат билдирүүдө.

Бир жагынан эски Конституция жана аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын, экинчи жагынан жаңы Конституция жана шайлоо жөнүндөгү иштелип чыккан мыйзам долбоорунун ортосундагы карама-каршылыктар иштеп жаткан конституциялык мыйзамдын буга чейин токтотулган 38 жана 63-беренелерин жандандырууга жана жаңы шайлоону же кайрадан шайлоону дайындоого жол бербейт.

Бул мыйзам долбоору жарандардын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугунун камсыздалышын эске алуу менен жакында парламенттин кароосуна киргизилет.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жана күчүнө кириши жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: