ӨКМ Кичи-Алайда кырсыктаган тик учак тууралуу маалымат таратты
Кичи-Алай айылына жакын жерде авариялык конуу жасаган тик учакка Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 14 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.
"Бүгүн, 4-июнь күнү саат 13:48 чамасында Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл аймагынын Кичи-Алай айылында болжол менен Ак-Буура дарыясынын баш жагында (Арча-Бешик жайлоосу) тик учак кулап түштү деген маалымат түшкөн. Тик учактын ичинде болжол менен 10 адам болгон. Жерине тактоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана саат 14:40та ӨКМнын РӨКОнан 10 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.
Буга чейин Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин тик учагы кулап түшкөнү айтылган.


Кыргызыстан бойунча канча тик учак барекен?