Акыркы төрт айда пенсия жана жөлөк пулга канча акча сарпталды? Соцфонддун маалыматы
Ушул жылдын январь-май айларында пенсия жана жөлөк пулга 20 миллиард 754 миллион 500 миң сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, пенсия жана жөлөк пулга Бишкек шаарында 3 миллиард 396,2 миллион сом сарпталды. Башка аймактар боюнча:
- Чүй облусу - 3 миллиард 190 миллион 800 миң сом
- Нарын облусу - 1 миллиард 655 миллион 700 миң сом
- Ысык-Көл облусу - 1 миллиард 892 миллион 200 сом
- Талас облусу - 858 миллион 900 миң сом
- Ош шаары - 745 миллион 100 миң сом
- Ош облусу - 3 миллиард 799 миллион 200 миң сом
- Баткен облусу - 1 миллиард 658 миллион 400 миң сом
- Жалал-Абад облусу - 3 миллиард 558 миллион сом
Ал эми пенсия жана жөлөк пулдардын каржылануусу май айына карата 4 миллиард 182 миллион 700 миң сомду түздү.

