"Камчыбек Ташиев коргойбуз, кеткиле деди" дейт Чоң-Алайдагы жергиликтүү тургун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы карылар менен балдарды аталган аймактан кетүүнү суранды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 71 жаштагы Шермамат Идирисов аттуу жергиликтүү тургун билдирди.
"Камчыбек Ташиев айылдагы карылар менен жаш балдарды, кыз-келиндерди айылдан кетип турууну суранды. Азыр элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көчүрүлүп жатат. Камчыбек Ташиев коргойбуз, кеткиле дептир. Мен бул жерден кетпейм, азыр үйдө жүрөм", - деди Шермамат Идирисов.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында бүгүн, 4-июнда абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.







1 |