Чек ара: Саат 09:30га карата Чоң-Алайда абал кандай?
Бүгүн, 5-июнь саат 09:30га карата Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чек арага жакын аймактарында абал тынч. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 71 жаштагы Шермамат Идирисов аттуу жергиликтүү тургун билдирди.
"Азыр айылдарда абал кудайга шүгүр тынч. Кары-картаң, жаш балдар эвакуацияланып, айылдарда бирин-серин гана адамдар калды. Тажикстан менен чек арага жакын жерде 5-6 аскер кызматкери жүрөт", - деди Идирисов.
Кечээ, 4-июнда кыргых-тажик чек арасында абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен.






1 |