Чоң-Алай: Эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайта баштады
Чоң-Алай районунун Тажикстан менен болгон чек арага жакын аймактагы айылдардын эвакуацияланган тургундары өз үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу Жекенди айылдык кеңешинин депутаты Сейликан Акылбекова SUPER.KG порталына билдирди.
"Азыр айылда абал тынч. Эвакуациялангандар Дароот-Коргон айылындагы туугандарынын үйүнө кетишти. Калгандары Дароот-Коргондогу 2 мектепке жайгаштырылган. Абал турукташып калганынан улам айрымдар өз айылдарына кайтып жатышат. Биз дагы түштөн кийин жөнөйлү деп жатабыз", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында 4-июнда абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен. Чек ара кызматы бүгүн саат 09:30га карата чек арада абал туруктуу экенин билдирди.



1 |