super.kg logo

5-күн. Орхан Инандыны издөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда

 

Бүгүн, 5-июнь күнү дагы "Сапат" лицейинин дайынсыз болуп изделип жаткан негиздөөчүсү Орхан Инандыны издөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Инандыны издөө иш-чаралары Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланууда.

"Жогорудагы факты боюнча ИИМдин, Бишкек ШИИББинин, Чүй ОИИББинин жана Октябрь РИИБинин тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн тергөө тобу зарыл болгон тергөө жана издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүп жатат.

Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Арызда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: