super.kg logo

5 күн болду. "Орхан Инанды табылсын!" аталышындагы митинг бүгүн да уланды

 

Өкмөт үйүнүн алдында "Орхан Инанды табылсын!" деген талап менен шаар тургундары митингге чыгышты. Митинг ушуну менен 5 күн бою уланып жатат.

"Митингге 500дөй киши катышууда. Алардын арасында коомдук ишмерлер, илимпоздор бар", - деп билдиришти митингдин катышуучулары.

"Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын дайынсыз болуп жатканына 5 күн болду.

Окуянын чоо-жайы:

1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Анда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Бул маселеге байланыштуу 1-июнда "Сапат" лицейинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүштү. Жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов унаа табылганда, ичинде Орхан Инандынын баалуу буюмдары (акча, эки уюлдук телефону, документ жана башка) калганын айтып, алардын башка кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген божомолун билдирген.

Анын айтымында, Орхан Инандыны Бишкекте кармап турушат деген дагы версия бар, бирок бул маалымат тактала элек.

Ал эми Октябрь райондук милициясынан бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлгөнүн, издөө жана иликтөө иш-чаралары тынымсыз жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

Көп өтпөй дайынсыз болуп жаткан Инандыны табууга президент Садыр Жапаров кошумча күч тартууну тапшырган.

2-июнда ИИМ бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
05.06.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алайга баргылачы митингден тажабадынарбы
05.06.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалпы элди коркунуч басып турса,мындан артык киши жоктой эле болдуго.Кыргызстанга кошкон салымы чон экени туура,бирок ажыдаардын куйругун озу тебелегендир.Жон жерден эле элдин баары мактап жаткан кишини ким уурдасын.
05.06.2021. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орхан Инанды бул өтө бай инсанда бул миң адам 5 миң адамды митингке чыгара алат
05.06.2021. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бишкектиктер Силердин айынардан Кыргызстан бардак болуп жатат : ички душмандар да : сырткы душмандарга да оной жэм болтабыз акмактар : Силерге делать ничего что ли? Акылынар бар болсо меенет кылгыла : Асмандан жок нерсени кутуп жашагандан не пайда малдар .
05.06.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирба журобу
05.06.2021. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне болсо эле окмот уйуно барып митинг кыла бересинерби, аларда колунан келгенин кылышат да, бекерчилер
05.06.2021. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошентип митингке чыгып тургуча издегиле кошулуп. Же эмне өкмөт бекитип алыптырбы?
Баарың түшүнбөй эле чыга бербей өлкөдө согуш болоюн деген коркунуч турат. Чек арадагылар коркуу менен жашап атса силер вапше туп экенсиңер. Өлүп кетпейби мага десе.
05.06.2021. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктагы орхан порханды коюп озубузду ойлогулачы айланайындар. Силер бир балээге жолуксанар ошол орханынар карап да койбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: