Мэрия жол кирени 15 сомго көтөрүп алган маршруттук таксилердин айдоочулары жоопкерчиликке тартыларын эскертти
Бүгүн, 5-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги маршруттук каттамдардын биринин айдоочусу унаасынын сыртына "Жол кире 15 сом" деп жазып алып, каттап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айдоочулар бааны өз алдынча жогорулатып алышты.
"Айдоочулар тарабынан жол кире акысын өз алдынча жогорулатып алган факты бар. Мындай кадам мыйзам чегинде жазалоону шарттайт.
Маршруттук таксилерде жүрүү тарифи мурдагыдай 10 сом экенин эскертебиз. Урматтуу шаар тургундары, эгерде сиз жол кире акысын жогорулатып алган айдоочуларды кезиктирсеңиз 0554 182-185 номерине видеофакты жөнөтүңүз", - дешти мэриядан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Буларды зордоп кыйнап иштеткен эч ким жок. 10 сом жакпайбы, бусигин сатып денил унаа алып таксиге чыгып иштесин. Болбосо кетмен чаап оокат кылсын. Как будто буларды мажбурлап иштетип жаткансып элди коркутушат......