Эверестти багынткан Эдуард Кубатов өлкөгө келди. Аны кантип тосуп алышты? (фото)







Бүгүн, 5-июнь күнү Бишкек шаарына Эверест чокусун багынткан альпинист Эдуард Кубатов кайтып келди. Аны «Манас» аэропортунан Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, ведомствонун директорунун орун басары Союзбек Надырбеков, Эдуард Кубатовдун үй-бүлөсү, туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышканын спорт агенттигинен билдиришти.
Канат Шабданбаев Эдуард Кубатовду экспедициянын ийгиликтүү аяктап кайтышы менен куттуктады: "Сиз бизге чоң кубаныч жана кайталангыс эмоцияларды тартууладыңыз – биринчи жолу Кыргыз өлкөсүнүн желеги дүйнөнүн эң бийик чокусунда желбиреди. Сиз менен абдан сыймыктанабыз жана ар бир Кыргыз жараны сизге кабатыр болуп, аман-эсен кайтышыңызды күтүп жатты деп ойлойм. Сиздин эркиңиздин күчү жана чеберчилигиңиз менен суктанабыз, сизге чың ден соолук каалайбыз. Алдыда сизди жаңы бийиктиктер күтүп жатат деп ишенимдүү айта алам".
Эдуард Кубатовдун айтымында, эл аралык экспедицияга катышкан 14 адамдын ичинен 5 альпинист гана Эверестке жетти. Ал бул чокуга чыгууга 2014-жылдан бери даярдык көрүп келген. Спортчунун пландарында Денали (Түндүк Америка) жана Винсон (Антарктида) чокуларын багынтып, «Дүйнөнүн жети чокусу» программасын аткаруу турат.
"Экспедиция жана ага даярдык көрүү оор болду. Covid-19, аба ырайы менен байланыштуу чоң көйгөйлөр жаралды. Чокуда менин максатым кыргыз элиме кайрылуу жасап, желегибиз менен сүрөткө түшүү болду. Тирүү калып, чокудан кайра түшүп, үйүмө кайтып бараарымды түшүнгөндө гана эмоциялар пайда болду", - деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, Эдуард Кубатов 2021-жылдын 23-майында Эверестти багындырган.







1 |