Чоң-Алай: "Чек арадан аскерлер чыгарылат". Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы протоколго кол коюшту
Бүгүн, 5-июнда Кыргыз-Тажик чек арасында Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагаларынын жолугушуусу аяктады. Бул тууралуу Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады.
Камчыбек Ташиев журналисттерге билдиргендей, тараптар 8 пункттан турган протоколго кол коюшту. Документтин чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат. Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашканы белгилүү болду. Ошондой эле эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтышат", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында 4-июнда абал кайрадан чыңалган. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшкан. Ал эми саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишкен. Чек ара кызматы бүгүн, 5-июнга карата чек арада абал туруктуу экенин билдирди.












1 |