super.kg logo

"Учуп келе жатып эле жок болуп кетти. Аны көргөм". Камчыбек Ташиев Чоң-Алайда кырсыктаган тик учак тууралуу айтты

 

Чоң-Алайда кырсыкка учураган тик учак шамалга туруштук бере албай калган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Биздин экинчи тик учагыбыз кырсыкка учурады. Биз эки тик учак менен жакшы эле келе жатканбыз. Тик учак жакшы эле артыбыздан учуп келе жаткан, кырсык деген ушундай экен. Мен ал тик учактын артыбыздан учуп келе жатканын бир-эки жолу көргөм. Бир кезде эле жок болуп кетти. Көрсө, эки тоонун ортосуна киргенде катуу шамал болуп, ага техниканын күчү жетпей, шамал сүрүп барып кулатып коюптур. Тик учактын кыймылдаткычынын күчү шамалга туруштук бере албай калыптыр", - деди Ташиев.

Кечээ, 4-июнда Чоң-Алайдагы Кыргыз-Тажик чек арасына бара жаткан Коргоо министрлигинин МИ-8 МТ тик учагы авариялык конуу жасаганы айтылган. Ал эми Куралдуу күчтөрдүн абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнөн тик учак аргасыз конгондугун белгилеп, андан 14 адам жабыркап, анын 5өө күйүк алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
05.06.2021. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Техникалык себеп болсо керек, шамалга туруштук бербесе демек эскирген, жакшы адамдар тируу калыптыр кудай сактап
05.06.2021. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
stal.ks,
Жанысы да эскиси да бирдей. Шамалга баарибир!
05.06.2021. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Эки тик учак болсо,бболгону.Бирөөнү жайлап келиштиби. Паникерлер))) Өзү Кыргызстанга сырткы душмандын деле кереги жок окшойт!!!
05.06.2021. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Stels, ким айтты сага эки эле тик учак бар деп
06.06.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stels, акмак! Сага жер дагы эл дагы кызыктырбаган бир далб.б.экенсин го
05.06.2021. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Джип менен барса деле болот. Негизи суйлошуу жолу менен деле баардык маселени чечсе болот экен да. Так что бизге особо куралданып деле кереги жок лишний трата. Суйлошуу жолу менен эле бир кундун ичинде чыгып кетишпедиби.
05.06.2021. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шамалга эле кулап калса анда душмандар ышкырып шамал чакырып коюп эле жатат экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: