Камчыбек Ташиевдин ойлуу, телмирген сүрөтү: Коомчулук ага күч-кубат тилеп жатат







Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 4-июнда Тажикстан менен болгон чек арадагы кырдаал чыңалып кеткендиктен ошол эле күнү Чоң-Алайга барган.
Ташиевдин Чоң-Алай районуна бара жаткан тик учактагы сүрөттөрү жарыяланды. Сүрөттөрдүн биринде Ташиевдин чарчаган өңдүү ойлонуп отурганын көрүүгө болот. Мындан тышкары, Камчыбек Ташиев Чоң-Алайдагы "Карамык" постуна барып, ал жактан нан, балык, айран менен түшкү тамактануу кылган.
4-июнда таңга маал Чек ара мамлекеттик кызматы Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасы тынч эмес экенин маалымдаган. Андагы Унжу-Булак жайлоосуна Тажик тарап контейнер орнотуп, аскерлери топтолуп жатканы белгилүү болгон. Ошол эле күнү УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга шашылыш жөнөп кеткен.


Сизге бекем ден соолук,акылмандык,сабырдуулук каалайм.
Ишине ийгилик,тажиктердин мизи кайтсын...