super.kg logo

Садыр Жапаров финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү — кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Финансылык-экономикалык система өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Бул процессте аталган чөйрөнүн кызматкерлери негизги ролду ойнойт.

Бүгүнкү күндө республиканын аталган тармагында кесиптик деңгээли жогору адистер иштейт, алар өлкөнүн интеллектуалдык потенциалынын орчундуу бөлүгүн түзөт.

Биздин финансисттердин жана экономисттердин потенциалы мамлекеттин экономикалык өсүү темпин жогорулатууга, тең салмактуу бюджетти камсыздоо жаатындагы милдеттерди жогорку деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле глобалдык чакырыктардын алдында экономикалык туруктуулукту камсыздоого кудурети жетет деп ишенем.

Бул милдеттердин аткарылышы ар бирибизден бийик профессионалдуулукту, жумушка ак ниет мамиле кылууну жана чынчылдыкты талап кылат.

Мамлекеттин бакубаттуулугу жана экономиканын мындан аркы өнүгүүсү сиздердин күжүрмөн күнүмдүк эмгегиңиздер жана аракетиңиздер менен байланыштуу.

Кесиптик майрамыңар менен куттуктап жатып, сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди каалайм!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: