Токтогул суу сактагычында суу 10 жарым миллиард метр кубга жетти
Бүгүн, 7-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 500 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 7-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 500 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 859 метр куб, агып чыгышы 415 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
4-июнда суу сактагычта 10 миллиард 387 миллион метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2025-07-28

15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.