Садыр Жапаров: "Сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу керек"
Президент Садыр Жапаров сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.
Эксперттик жумушчу топтун негизги максаттары катары төмөнкүлөр аныкталды.
- сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу;
- укук коргоо жана сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү;
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу;
- сөз эркиндигин, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттардын эркиндигин коргоо;
- ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жана инвесторлордун мыйзам ченемдүү укуктарын коргоону күчөтүү;
- эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналарын эске алуу жана сактоо;
- сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн тергөө органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;
- мыйзамдарды адам укуктары жаатындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу.
- сот адилеттигинин ачыктык жана маалымдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыз кылуу;
- сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу.
Эксперттик жумушчу топ бийликтин сот бутагынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн тартуу менен маанилүү иш жүргүздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.