Садыр Жапаров: "Биз улуттук укук коргоо жана сот системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек"
"Биз улуттук укук коргоо жана сот системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек", - деп бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.
"Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакыт-сааты келди", - деди Садыр Жапаров.
Ал белгилегендей, коомдук өнүгүүнүн талап-муктаждыктарын чагылдырган мыкты, төгөрөгү төп келген мыйзамдардын болушу - укук коргоо жана сот системасынын эффективдүү иштешинин маанилүү шарты.
"Мыйзамдар укук коргоо ишине жана сот өндүрүшүнө тоскоолдук жараткан сенек нерсе катары болбостон заман талабына шайкеш келиши зарыл. Андыктан мыйзамдарды сапаттуу жаңыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштер төмөндөгүдөй негизги этаптарды камтышы керек деп ойлойм. Биринчи этап тергөө жана сот өндүрүшү маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, алардын негизги карама-каршылыктарын жана өркүндөтүүнүн баштапкы пункттарын аныктоо. Экинчи этап мыйзамдарды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу, учурдагы негизги, келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу", - деди Садыр Жапаров.

