super.kg logo

Президент жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуштайт

 

Президент Садыр Жапаров жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуштайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Садыр Жапаров алдыдагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча реформаларды ишке ашырууда Жогорку Кеңеш чоң роль ойноорун белгиледи.

"Жаңы Конституциянын сот системасын жөнгө салуучу нормаларын ишке ашыруу максатында жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуштайм. Бул сот органдарынын структуралык өзгөртүүлөрүн тездетүү, сот өндүрүшүнүн эффективдүүлүгүн күчөтүү, сот адилеттиги боюнча жаңы кеңешти, судьялар кеңешин түзүү үчүн зарыл", - деди ал.

Мындан улам ал ушул мыйзам долбоорлорун кезексиз карап берүү боюнча Жогорку Кеңешке кайрылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: