super.kg logo

Президент судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керектигин айтты

 

Президент Садыр Жапаров судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

"Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек. Сот өндүрүшүндөгү терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн оболу Жазык кодексин, Процессуалдык жана башка кодекстердин, ошондой эле укук коргоо иштери менен сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзамдардын жаңы басылмаларын иштеп чыгуу зарыл. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын азыркы Конституциясы, атап айтканда, анын "Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери" деген бөлүмү мыйзамдарды реформалоонун баштапкы негиздерин түзүүгө тийиш", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: